АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Американын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) программаларынын 83 пайызын толук жапты. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Марко Рубио социалдык тармактарда билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, Рубио он миллиард долларлык 5200 келишим жокко чыгарылганын айткан.
"Алты жумалык аудиттен кийин биз USAID программасынын 83 пайызын расмий түрдө жокко чыгарып жатабыз. Азыр жокко чыгарылган 5200 келишим Америка Кошмо Штаттарынын негизги улуттук кызыкчылыктарына кызмат кылбаган (айрым учурларда ал тургай зыян келтирген) жолдор менен ондогон миллиард долларларды сарптады. Конгресс макулдашкандай, биз сактап калган программалардын 18 пайызы (болжол менен 1000) эми Мамлекеттик департамент тарабынан натыйжалуураак башкарууга алынат”, - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп жаңы шайланганда USAID программасына жардам берүүнү 90 күнгө чектөөгө алган. Ал Америка үчүн долбоор канчалык пайда алып келип жаткандыгын текшерүүнү көздөгөн.