Оштогу балдар ооруканасына заманбап рентген аппараты коюлду (сүрөт)

Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасында жаңы заманбап санариптик рентген аппараты ишке киргизилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн, 10-мартта маалымдады.
Кабарга ылайык, буга чейин ооруканада бир эле рентген кабинети иштеп, кабыл алуу бөлүмүндө кезек көп болуп, оор абалдагы бейтаптарды ташууда ыңгайсыздыктар жаралган.
"Бул көйгөйдү чечүү максатында кеңеш берүү жана дарт аныктоо бөлүмүндө кошумча коридор курулуп, амбулатордук бейтаптар үчүн атайын жаңы бөлмө даярдалды", - деп айтылат анда.
Белгилей кетсек, медициналык жабдуу Бүткүл дүйнөлүк банктын "Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жакшыртууну кошумча каржылоо программасы" долбоорунун алкагында каржыланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан