Ысык-Атада 20 жаштагы Олесия Белоусова дайынсыз болууда

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 20 жаштагы Олесия Белоусова дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.
Анда айтылгандай, Ысык-Ата РИИБине 10-мартта анын жакындары кайрылып, Олесия 7-мартта Киргшёлк айылынын Мичурин көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айтышкан.
Аталган факты райондук РИИБге каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.
Белгилери: бою 160-165 сантиметр, арыкчырай дене түзүлүштө, чачы кызылт-күрөң түстө.
Кийген кийимдери: жашыл күрмө, кара жынсы, кара түстөгү бут кийим.
Жогорудагы жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо төмөнкү номерлерге байланышып койсо болот: 0312 61-69-07, 03132 5-21-47 (нөөмөт бөлүмү).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан