Мексиканын Оаксака штатында автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталып, 11 адам каза болду. Бул тууралуу аймактык бийликке таянуу менен дүйнөлүк басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, кырсык кечээ, 10-мартта эртең менен болгон. Анда Митла-Техуантепек трассасында автобус оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 11 адам жан берип, 12 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.
"Жаракат алгандардын ичинен экөө оор абалда. Жабыркагандардын баары ооруканага жаткырылып, аларга керектүү жардамдар көрсөтүлүүдө. Кырсык айдоочунун рулду башкара албай калганынан улам келип чыккан", - деп жазылат маалыматта.