Америкалык миллиардер Илон Маск 10-мартта өзүнө таандык болгон Х (мурунку Twitter) социалдык тармагына ири кибер чабуул жасалганын билдирди. Бул тууралуу ал Х соцтармагына жазган.
"Х тармагына масштабдуу кибер чабуул болду. Биз күн сайын чабуулдарга туш болобуз, бирок бул жолу абдан чоң ресурстар колдонулду", - деп жазды ал Х социалдык тармагында.
Ошондой эле ал бул чабуулга ири уюшкан топ же бүтүндөй бир мамлекет катышышы мүмкүн деп божомолдоду.