Атактуу балбан допинг колдонгону үчүн узак мөөнөткө спорттон четтетилди

Грек-рим күрөшү боюнча Олимпиаданын үч жолку байге ээси болгон түркиялык Риза Каяалп допингге каршы эрежелерди бузганы үчүн төрт жылга дисквалификацияланды. Мындай маалымат Эл аралык допинг тестирлөө агенттигинин сайтына жарыяланды.

2024-жылдын 28-майында спортчудан алынган допинг-тест оң натыйжа берген. Анын канынан тыюу салынган триметазидин табылып, Каяалп мелдештен убактылуу четтетилген. 2025-жылдын февраль айында Спорт арбитраждык соттун допингге каршы коллегиясы 35 жаштагы спортчу допингге каршы эрежелерин бузганын аныктап, Каяалп 2024-жылдын 1-июлунан 2028-жылдын 30-июнуна чейин төрт жылдык мөөнөткө мелдештерден четтетилген. Спортчунун 2024-жылдын 28-майынан бери көрсөткөн бардык жыйынтыктары жокко чыгарылды.

Каяалп дүйнөнүн беш жолку, Европанын 11 жолку чемпиону. Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиада оюндарында күмүш, Лондон жана Токиодо өткөн оюндарда коло байгеге ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан