3-мартта “Жеңижок” тарыхый тасмасынын жабык көрсөтүүсү болду. Аталган тасма УТРКнын “Кыргызтелефильм” студиясы тарабынан тартылып, өкмөт долбоорго 15 миллион сом каражат бөлүп берген.
SUPER.KG медиа порталы фильмде башкы каармандар Жеңижок менен Көксулуунун ролун жараткан актёрлор Аман Шерикул уулу, Анара Таалайбек кызы менен маектешти.
Жеңижок акындын ролун ойногон актёр Аман Шеркул уулу аталган ролго сунуш түшкөндө чоң жоопкерчилик менен кооптонуу сезимине туш болгонун сөз кылды.
"Тарыхый тасмада башкы каарманды ойноо бир топ эле оорчулук жаратты. Буга чейин кинодо кадр сыртында иштегем. Андан соң коммерциялык тасмаларда ролдорду ойноп жүрдүм. Тарыхый тасма кыргызга аттын кашкасындай таанымал болгон Жеңижок акын атабыздын ролун ойноо ойлондурду", - дейт Аман Шерикул уулу.
Ошондой эле актёр аталган тасмага кантип тартылып калганын, съёмка учурундагы оош-кыйыш учурлар тууралуу дагы кеп козгоду.
Ал эми Көксулуунун ролун аткарган актриса Анара Таалайбек кызы тасмага тартылуу үчүн ат мингенди үйрөнгөнүн айтат.
"Өзүм айылда чоңойгон кызмын. Бирок эмнегедир атты такыр минбептирмин. Аттан коркот экем. "Паризат эже (ред.: тасманын режисёру) мага мүмкүнчүлүк түзүп бергиле, үйрөнөйүн" деп айттым. "Макул" деп жакшы шарттарды түзүп беришти. Убакытты болгондо ат майданга барып үйрөнүп жаттым", - дейт актриса.
Маекти толугу менен порталдын Ютуб каналынан көрүңүз.