Украиналык аскерлердин жоон тобу качып баратканда баш калкалоого аракет кылган Суджадагы имаратка учкучсуз учак менен сокку урулду. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.
"Түндүк аскерлер тобунун чалгындоо бөлүгүнүн аскер кызматкерлери Курск облусунун чек ара аймагындагы Суджа шаарынын жанынан учкучсуз учактын жардамы менен душмандын жеке курамынын кыймылын аныкташкан", - деп айтылат маалыматта.
Орус министрлиги шаардан качып чыгууга аракет кылган украиналык аскерлердин жоон тобу имараттардын бирине баш калкалоого аракет кылганын белгиледи.
"Чалгындоо кызматы бул маалыматты дароо эле командалык пунктка жеткирди. Табылган бута сокку уруучу учкучсуз учуучу аппарат тарабынан жок кылынды", - деп жазылат анда.
Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, жалпысынан Курск аймагындагы салгылашууларда Украинанын куралдуу күчтөрү 66 миңден ашык жоокерин жана 389 танкын жоготкон.