Владимир Зеленский Дональд Трамптан кечирим сурады

Украинанын президенти Владимир Зеленский 28-февралда Ак үйдүн Овал кабинетинде болгон окуя үчүн Америка лидери Дональд Трампка кечирим сураган кат жолдоду. Бул тууралуу АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Виткофф Fox News телеканалына билдирди.

"Зеленский президентке кат жолдогон. Ал катында кеңседе болгон окуя үчүн кечирим сурады. Бул маанилүү кадам болду деп ойлойм", - деди ал.

Анын айтымында, бул Вашингтон менен Киевдин мамилесиндеги жылыш, ошондой эле сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишим түзүлөт деген үмүттүн жанданышы.

28-февралда АКШ менен Украинанын президенттери Ак үйдүн Овал кабинетинде журналисттердин алдында жолугушкан. Пресс-конференциядан кийин Киев менен Америка администрациясынын өкүлдөрү АКШга Украинанын сейрек кездешүүчү металлдарын алуу боюнча келишимге кол коюшу керек болчу.

Бирок Трамп менен Зеленскийдин ортосунда чатакташуу болуп, Зеленский Ак үйдөн чыгып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан