Бишкекте 13-мартта айрым көчөлөрдө оңдоо иштерине байланыштуу ичүүчү суу өчөт. Бул тууралуу борбор калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 18:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотулат.
Өчүрүү району төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
Достоевский көчөсү, Анкара көчөсү, Ауэзов көчөсү жана Алтын-Ордо, Кара-Жыгач, Полицейский шаарчасы конуштары.