Криштиану Роналду жаңы дүйнөлүк рекорд коюп, кайрадан тарых жаратты

40 жаштагы атактуу футболчу Криштиану Роналду 30 жашынан кийин 464 гол киргизди.

Жалпысынан Роналдунун футболдук карьерасында 927 голу бар (30 жашка чейин 463 гол киргизген).

Бүгүн, 10-мартка караган түнү Криштиану Роналду АФКнын Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалында ирандык "Эстеглял" менен болгон беттеште бир гол киргизди.

Беттеш 3:1 эсебинде "Аль-Наср" клубунун жеңиши менен аяктады.

Муну менен Криштиану Роналду расмий оюндарда 927 гол киргизген тарыхта биринчи футболчу болуп калды. Роналду "Спортингде" 5, "Манчестер Юнайтедде" 145, "Реалда" 450, "Ювентуста" 101, "Аль-Насрда" 92 жана улуттук курама үчүн 134 гол киргизген.

Чабуулчу футбол тарыхында, улуттук командаларда, Европа чемпиондугунда, УЕФАнын Чемпиондор Лигасында жана Клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда эң мыкты бомбардир.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан