Филиппиндин мурдагы президенти Родриго Дутерте Эл аралык кылмыш сотунун ордери менен Манила аэропортунда кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, ал Гонконгдон учуп келери менен Манила аэропортунда кармалган. Ага карата Эл аралык кылмыш сотунун ордери баңгизатка каршы күрөшүү учурундагы сотсуз өлүм жазалары жана адам укуктарынын бузулушу боюнча иликтөөнүн алкагында чыгарылган.
Родриго Дутерте 2016-жылдан 2022-жылга чейин Филиппиндин президенти болуп иштеген. Президенттик кызматка киришкенден кийин ал миңдеген адамдардын өлүмүнө алып келген ири жана өтө катаал баңгизатка каршы күрөштү баштаган. Бул аракеттери эл аралык коомчулуктун жана укук коргоо уюмдарынын сынына кабылып, аны адам укуктарын бузган деп айыпташкан.