Бүгүн, 11-март күнү эртең менен абадан коргонуу системалары Москвага дрондун массалык чабуулунун мизин кайтарды. Бул тууралу Москванын мэри Сергей Собянин өзүнүн Telegram каналына жазды.
Анын айтымында, Москва шаарында жалпы 69 учкучсуз учуучу аппарат кол салган. Кийинчерээк Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев дрондордун чабуулунан бир адам каза таап, дагы үчөө жарадар болгонун билдирди.
"Бүгүн таңкы саат 4тө Москва жана Москва облусуна дрон менен массалык чабуул башталды. Учурда чабуулдан бир адам каза болуп, үчөө жаракат алганы белгилүү. Ошондой эле Раменское шаарындагы көп кабаттуу үйдүн үстүнө дрондун сыныктары түшүп, Түндүк магистралдагы имараттын 19-22-кабаттарынан кеминде 7 батир жабыркады", - деп айтылат Воробьев билдирүүсүндө.
Ошондой эле Москвадагы "Домодедово", "Жуковский" жана "Внуково" аэропорттору убактылуу жабылды.