Максим менен Жаныш Бакиевдер өмүр бою соттолгон, Кыргызстанга келсе түз эле түрмөгө түшүшөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган кезектеги маегинде билдирди.
"Соттун күчүнө кирген өкүмү турат. Ал өкүмдү эч ким өзгөртө албайт. Өзгөртүлбөйт дагы. Ошондуктан аларды берүүдөн таптакыр баш тартышты. Себеби биз ал экөөнү камабай коё албайбыз да.
Кана эле Максим Бакиев келип калган болсо. Камап коюп, миллиардаган акчаларды бюджетке кайтарат элек", - деди Жапаров.
Белгилей кетсек, соңку эки күндөн бери социалдык тармактарда качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев Бишкекке жеке учак менен келип кеткени тууралуу маалыматтар тарап, талкуу жаратууда. Кечээ УКМК маалыматты расмий төгүндөгөн.