Борбордо студенттер дагы онлайн окумай болушту

Бишкектеги жогорку окуу жайлардын жана колледж, лицейлердин студенттери 12-13-март күндөрү онлайн форматта окушат. Бул жөнүндө Билим берүү жана илим министрлиги бүгүн, 11-мартта кабарлады.

Айта кетсек, буга чейин калаадагы мектептер жана бала бакчалар эки күнгө онлайн форматына өтөрү айтылган.

Мындай чечим Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга мамлекеттик иш сапарына байланыштуу, коопсуздукту камсыздоо жана иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү максатында кабыл алынган.

Белгилей кетсек, 12-мартта Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан