Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Соттун төрагасы Медербек Сатыевди кабыл алды

Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Соттун төрагасы Медербек Сатыевди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда сот тутумунда жүргүзүлүп жаткан реформалар талкууланып, анын ичинен тармакка байланышкан мыйзамдык базаны чыңдоо тууралуу сөз болду.

Тургунбек уулу өлкөнүн өнүгүшүндө жана калктын мамлекеттик бийликке болгон ишенимин арттырууда сот тутумунун таасири чоң экенин белгилеп, аталган тармакты реформалоо иши жигердүү уланышы керектигин айтты.

Өз кезегинде Сатыев тармакты жаңылоо багытында жүргүзүлүп жаткан аракеттер тууралуу кеңири кеп кылып, жакында эле өткөн судьялардын XIII курултайынын жыйынтыктары тууралуу айтып берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан