Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы мурдагы мамлекеттик оорукананын имараты ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, мурдагы мамлекеттик оорукананын имараты жанаша жайгашкан жалпы 88 сотых аянты менен мамлекетке өткөрүлдү. 2010-жылдын декабрында ачык аукцион аркылуу аталган оорукананын имараты мыйзам бузуу менен көмүр казуучу компанияларга жеке менчикке сатылган. Кийинчерээк Сүлүктү шаарындагы мурдагы оорукананын имараты максатсыз пайдаланылып, бузулуп, иштебей калган.
Сүлүктү шаарындагы Студенческая көчөсүндө жайгашкан 0,88 гектар жер тилкеси менен мамлекеттик оорукананын имараты көмүр казуучу ишканалар менен түзүлгөн келишимге ылайык, Сүлүктү шаардык мэриясынын балансына ыктыярдуу түрдө кайтарылды.