Кызыл-Кыя шаарында түн ичинде уурулук жасап жүргөн адам видео байкоонун жардамы менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Баткен облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарында февралдын аяктарынан март айынын баштарына чейинки аралыкта белгисиз адамдар жашоочулардын үйүнө, дүкөнүнө түн ичинде кулпусун бузуп кирип, велосипед, акча жана башка буюмдарын уурдап кетип жаткандыгы боюнча билдирүүлөр түшкөн. Жалпысынан 7 жаран милицияга кайрылып, бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Жабырлануучуларга жалпысынан 150 миң сом зыян келтирилгендиги аныкталган. Ыкчам-иликтөө иштеринин алкагында шектүү катары 33 жаштагы А.А. аттуу Ош шаарынын тургуну видео байкоолордун жардамы менен аныкталып, Ош шаарынан кармалды.
Учурда кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.