Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков АКШнын Украинага колдоо көрсөтүүдөн баш тартканына байланыштуу шашылыш жыйынтык чыгарбоо керектигин айтты.
"Азыр күлгүн түстөгү көз айнек тагууга шашуунун кереги жок. Дайыма жакшылыкка үмүттөнүшүбүз керек. Ошол эле учурда эң жаманына даяр болуп, ар дайым өз кызыкчылыктарыбызды коргоого даяр болушубуз керек", - деген ал Жогорку экономика мектебинде өткөн конференцияда.
Айта кетсек, АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио бүгүн, 11-мартта Сауд Арабиясында Вашингтон менен Киевдин делегацияларынын сүйлөшүүсүндө Украинага болгон аскердик жардам тууралуу талкуу болорун айтты.