Канаданын премьер-министрлик кызматынан кетип жаткан Жастин Трюдо коштошуу сөзүн айткандан кийин парламент имаратынан отургучун кошо көтөрө кетти.
Reuters агенттигинин фотографы анын отургучту көтөрүп кетип баратканда тилин чыгарган сүрөтүн тартып алган.
Айта кетсек, Трюдонун ордуна башкаруучу Либералдык партиясынын лидерлигине болгон шайлоодо жеңип чыккан Марк Карни келет. Трюдо отставкага кетүү ниетин январь айында билдирген. Ал он жыл өкмөт башында турду.