Бүгүн, 11-мартта борбор калаада Сауд Арабия падышалыгы тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалымдалгандай, жардамды Падыша Салман атындагы гуманитардык жардам көрсөтүү жана колдоо борбору тапшырды.
Иш-чара оболу расмий бөлүк менен башталып, андан соң муктаж жарандарга атайын даярдалган себеттер берилди.
Гуманитардык жардам бир эле Бишкек шаары менен чектелбейт. Иш-чара мындан ары өлкөнүн жети облусунда өткөрүлүп, 7200 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк берилет. Мындай кадамдардын ишке ашышы менен эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык бекемделип, алаканы чыңдоого өбөлгө түзүлөрү айтылды.