Мындан ары дыйкандар айыл чарба жерлерин ижарага алууга онлайн арыз бере алат. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди.
Министрлик айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонддун жерлерине бөлүштүрүү боюнча сынакка катышуу үчүн документтерди кабыл алуу процессин санариптештирүү боюнча agrojer.kg маалыматтык системасы аркылуу пилоттук долбоору Сокулук райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан башталгандыгын маалымдайт.
"Эми үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбалары, ошондой эле айыл чарба кооперативдери министрлик тарабынан иштелип чыккан agrojer.kg маалыматтык системасы аркылуу жер участокторун алуу арыздарын жибере алышат. Agrojer.kg системасы арыздарды кабыл алуу процессин автоматташтырып, бюрократиялык процедураларды кыскартып, мамлекеттик органдар менен колдонуучулардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жеңилдетет", - деп айтылат маалыматта.