2023-жылдын октябрынан бери Газа тилкесиндеги согуштук аракеттерден улам 48 миң 503 палестиналык набыт болуп, 111 миң 927 адам жаракат алды. Бул тууралуу анклавдын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Министрлик акыркы 24 саатта дарыгерлер 32 адамдын сөөгүн урандылардын астынан чыгарышканын, жарадар болгон 14 киши ооруканаларга жаткырылганын кошумчалаган.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 7-октябрында Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС кыймылынын куралдуу жактоочулары Израилдин аймагына кирип, чек арадагы конуштардын тургундарын өлтүрүп, барымтага алгандан кийин кырдаал кескин начарлап кеткен. Буга жооп иретинде Израил анклавда аскердик операция баштаган.