Сауд Арабиядагы жолугушуудан кийин АКШ жана Украина делегацияларынын өкүлдөрү биргелешкен билдирүү жасашты. Алардын билдирүүсү Украинанын президенттик администрациясынын сайтында жарыяланды.
"Эки өлкөнүн өкүлдөрү украин элинин өз мамлекетин коргоодогу эрдигин жогору баалап, азыр туруктуу тынчтык орнотуу жараянын баштоонун мезгили келди деген пикирге келишти.
Украина АКШнын убактылуу, 30 күндүк ок атышпоо келишимин тез арада киргизүү боюнча сунушун кабыл алууга даяр. Ал Орусия кабыл алып, бир эле учурда аткарылса тараптардын өз ара макулдашуусу менен узартылышы мүмкүн. Америка Кошмо Штаттары бул Орусияга тынчтыктын ачкычы экенин түшүндүрөт", - деп айтылат билдирүүдө.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар төмөнкүдөй макулдашууга жетишти:
Сүйлөшүүлөр дээрлик 9 саатка созулду.
Мындан тышкары АКШ Украинага коопсуздук боюнча жардам берүүнү улантары белгиленди.
"Украинадагы тынчтык маселеси боюнча азыр эми кезек Орусияда. Биз жакынкы күндөрү орустар менен сүйлөшүү өткөрөбүз", - деди АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио.
Курамына президент Зеленский кирбеген украин делегациясы кечээ, 11-мартта Сауд Арабияда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майк Вальц менен жолугушту. Рубио да, Вальц да өткөн айда Орусия менен түз сүйлөшүүлөргө катышкан.