Мохаммед Салах ПСЖ менен оюндан кийин көзүнө жаш алды (фото)

Англиянын "Ливерпуль" клубунун жылдыз чабуулчусу Мохаммед Салах Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалындагы жеңилүүдөн кийин көзүнө жаш алды.

Оюн бүгүн, 12-мартка караган түнү "Энфилд" стадионунда өттү. Анда командалардын оюну 0:1 (эки оюндун жыйынтыгы менен 1:1) эсебинде аяктап, пенальтилер сериясында ПСЖ клубу жеңишке жетип, чейрек финалга жолдомо алды.

Ал эми пенальтиден жеңилген "Ливерпуль" клубу Чемпиондор Лигасы менен коштошту.

Салах калыстын ышкырыгы жаңырганда эмоциясын жашыра албай көзүнө жаш алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан