Легендарлуу Оксана Чусовитина 2028-жылы Олимпиадага катышарын билдирди 

Атактуу гимнастика чебери Оксана Чусовитина 2028-жылы боло турчу Лос-Анжелестеги Олимпиада оюндарына катышууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 50 жаштагы спортчу Бакуда өткөн дүйнөлүк кубокто секирүү түрү боюнча жеңишке жеткен. Бул анын жаракат алгандан кийинки биринчи жеңиши болгон.

"Менин учурдагы эң негизги максатым – 2028-жылы боло турган Лос-Анжелестеги Олимпиада оюндарына жетүү. Бирок ага чейин көп убакыт бар, андыктан баары алдыда деп ойлойм", - деген Оксана Чусовитина.

Оксана Чусовитина 1975-жылы төрөлүп, 1990-жылы профессионалдык спорттогу карьерасын баштаган. Ал алгач 1992-жылы Барселонада өткөн Олимпиада оюндарында алтын медалга ээ болгон. Чусовитина жалпы 8 жолу Олимпиада оюндарына катышкан. Бирок ал 2024-жылы өткөн Олимпиада оюндарында алган жаракатынан улам катыша алган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан