"Пайгамбар жашына келип калдыңыз..." Акбөкөн Таштанбеков парламентте чуу салды (видео)

Бүгүн, 12-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков Ысык-Ата району боюнча мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жалпы 350 социалдык объект мамлекете кайтарылганы жатканын айтты. Эл өкүлү менчик ээлери аларды соттошпой эле өз ыктыяры менен өткөрүп беребиз десе да аким кол коюп, райондун балансына алуудан коркуп жатканын белгилеп, нааразы болду.

Таштанбековдун айтымында, социалдык объектилерди мыйзамсыз менчиктештирип алгандардын арасында экс-министрлер бар, аким мындан улам коркуп жатат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев депутатка комиссия түзүлгөнүн айтып, маселенин чоо-жайын түшүндүрүүгө аракет кылды. Таштанбеков ачууланып, анын сөзүн укпай, микрофону өчүп калса да кыйкырып, чуу салды.

"Уксаңыз, аягына чейин уксаңыз. Жо, сиз уксаңыз, пайгамбар жашына деле келип калдыңыз, кичине угуп койсоңуз", - деп тынчтандырды аны Төрөбаев. Ал УКМК менен биргеликте Айыл чарба министрлигине караштуу менчиктештирилип кеткен социалдык объектилерди өлкө боюнча кайтарып жатышканын айтты.

Таштанбеков ага да болбой төрагадан кошумча убакыт сурап, Төрөбаевден акимге коркпосун деп айтып коюуну өтүндү.

"Акимге айтып койгула, коркпосун! Билип атам, мурдагы министр, президенттер отурат. Бандиттер бар. Мен деле коркуп жатам. Бирок элге алып беришибиз керек. Жер мафиясы деген күчтүү мафия. Бирок биз жеңишибиз керек. Силер бул жакка эмнеге келдиңер? Ошол мафияны жеңгени келдиңер! Ошон үчүн кол койсун!" - деди депутат.

Жогорку Кеңеш 12.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан