Бүгүн, 12-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев окуу жайлардын баарын Кантка көчүрүү керектигин сунуштады.
Эл өкүлүнүн айтымында, бүгүн мектептерде, ЖОЖдордо окуу аралыктан болгондуктан, жол тыгыны болгон эмес.
"Бүгүн, өзүңүздөр көргөндөй, жол тыгыны болгон жок. Анткени окуучулар, студенттер бүгүн, эртең онлайн окушат. Студенттерди Кант тарапка көчүрүү маселесин карап көрсөңүздөр. Келечекте ошол жакка кандайдыр бир окуу жайлар шаарчасын куруу керекпи? Анткени өнүгүү болот, дагы да окуу жайлар курулат.
Облустук башкармалыктар мурда Токмокто болчу. Азыр алардын баары Бишкекте. Алар эмне кылат бул жакта? Ошолордун баарын Токмокко жиберүү керек", - деди депутат.