Орусиянын президенти Владимир Путин Курск аймагында Украинанын куралдуу күчтөрүн эң кыска мөөнөттө жеңүү тапшырмасын койду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.
"Чынында эле биздин жакынкы келечектеги милдетибиз – кыска мөөнөттө Курск облусунун аймагына кирип келген жана бул жерде аскердик операцияларды жүргүзүп жаткан душманды биротоло талкалоо", - деген Путин чек ара аймагындагы командалык пункттардын биринде өткөн жыйында.
Орус аскерлери учурда Курск аймагында катуу салгылашууну улантууда. Бир сутканын ичинде орус аскерлери беш калктуу пунктту бошотушуп, катуу салгылаш болуп жаткан Суджа шаарынын борборун өз көзөмөлүнө алышты.
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Курск аймагына массалык чабуулу 2024-жылдын 6-августунда башталган. Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Киев Курск багытында аскердик операциялар башталгандан бери 66 миңден ашуун аскер кызматкерин жоготту.