“Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча “Заманыбыздын супер ырчысы” наамынын ээси, ырчы Каныкей азыркы тапта АКШдагы "Диснейленд" эс алуу паркында сейилдөө менен бирге энергия топтоп жүргөнүн айтты.
“Диснейлендге" дүйнө жүзүнөн адамдар балдарын алып келишет экен. Ошентсе да кары-жашы дебей суктанган туристтердин саны көп. Чоңойсок да бала чактагы мультфильмдердин баш каармандарын көрүү бакыт тура. Учурда эс алуу менен энергия топтоп жүрөм. Мен эң жөнөкөй нерседен ушундай кызыктуу, элди өзүнө тарткан жомокту жараткан америкалыктарга таң бердим. Оюн-зоок уюштургандардын баары дасыккан адистер экен.
Көбүнчө Америка эли, ошондой эле Европа, Кытай жана Япониядан келген туристтерди жолуктурууга болот. Орландо шаарынын аба ырайынын жылуулугу жана кардын жоктугу менен Лос-Анжелес шаарына да окшоттум”,- деди ырчы.