АКШ Польша аркылуу Украинага курал-жарак жеткирүүнү толугу менен жандандырды. Бул тууралуу кечээ,12 мартта Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский украиналык кесиптеши Андрей Сибига менен өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.
"Мен Ясенка аркылуу курал-жарактарды жеткирүү мурунку деңгээлге кайтып келгенин ырастайм", - деп келтирет анын сөзүн чет элдик басылмалар.
Ал эми АКШнын Улуттук чалгындоо кызматынын директору Тулси Габбард Украина менен чалгындоо маалыматын бөлүшүү кайра жанданганын ырастады.
"Президенттин көрсөтмөсү менен Украинага чалгындоо маалыматын берүү боюнча тыныгуу аяктады", - деп жазган ал X социалдык тармагында.
Өз кезегинде америкалык Maxar Technologies компаниясы Украинага спутниктен тартылган сүрөттөргө кирүү мүмкүнчүлүгүн кайтарып берди.
Эске салсак, 11-мартта Сауд Арабиянын Жидда шаарында Киев менен Вашингтондун өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү өттү. Анда Украина эгер Орусия макул болсо, 30 күндүк ок атышпоо келишимин киргизүү сунушуна макул болду. Андан соң Украин президентинин кеңсеси убактылуу ок атышпоонун чоо-жайын талкуулоо 17-марттан кийин башталарын билдирди.
Ал арада Кремль АКШдан Жиддадагы америкалык жана украиналык делегациялардын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынган сунуштар боюнча маалымат күтүп жатканын билдирген.