Чүйдө 27 жаштагы жаран баңгизат катып жаткан жеринен кармалды

Аламүдүн районунда 27 жаштагы жаран синтетикалык баңгизатын жерге көмүп жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү жөнүндө маалымат милицияга 13-февралда түшүп, факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон. Ал Telegram каналы аркылуу куратордон буйрутма алып, синтетикалык баңгизаттарды Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында таратып келген.

Милиция кызматкерлери тарабынан кармалган шектүүнүн жашаган жеринен да синтетикалык баңгизаттар табылган. Ошондой эле ал мурда баңгизаттарды катып койгон жерлерин көрсөтүп берген. Дайындалган экспертиза жалпы салмагы 645 грамм 930 миллиграмм болгон заттарды синтетикалык Альфа PVP экенин аныктаган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө уланууда.

13.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан