Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкекте турак жай комплексиндеги коммерциялык жайлар мамлекетке өткөрүлгөнүн билдирди.
Маалымдалгандай, атайын кызмат Бишкек шаарынын Каракөл көчөсүндөгү (Ботаникалык сейил багына жакын аймакта) жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.
"1996-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен "Кайнар" ЖАКысына Ботаникалык бакты кеңейтүү иштери башталганга чейин өндүрүштүк база үчүн 64 сотых жер тилкеси пайдаланууга берилген. Андан кийин 2012-жылы "Кайнар" ЖАКысынын жетекчилери тарабынан коррупциялык байланыштар колдонулуп, муниципалдык органдардын кызмат адамдарынын тымызын көмөгү менен жер тилкесине жеке менчик укугу мыйзамсыз катталып, кийин курулуш компаниясына 1 миллион 400 миң долларга сатылган. Учурда аталган аймакка "О2 Эко комплекс" турак жай комплекси курулуп жатат", - деп айтылат маалыматта.
УКМК жүргүзгөн иштин жыйынтыгы боюнча "Кайнар" ЖАКысынын жетекчиси Ш.Т. мыйзамсыз сатылган мүлктүн ордун толтуруу эсебине курулуп жаткан турак жай комплексиндеги аянты 373,63 чарчы метр коммерциялык жайды мамлекеттин балансына өткөрүп берди, ошондой эле келтирилген зыяндын калган бөлүгүн төлөп берүүгө милдеттендирилди.