Орусия АКШга Украина менен болгон жаңжалды токтотуу үчүн шарттардын тизмесин тапшыргандыгы айтылды

Орусия АКШга орус-украин чатагын токтотуу жана Москва менен Вашингтондун мамилесин калыбына келтирүү келишими боюнча талаптардын тизмесин берди. Бул туурасында 13-мартта Reuters басылмасы өз булактарына таянуу менен жазды.

Алардын айтымында, орусиялык жана америкалык расмий өкүлдөр бул талаптарды акыркы үч аптада бетме-бет жана онлайн жолугушууларында талкуулашкан. Москва тизмеге так эмнени киргизгени белгисиз. Маалымат булактары белгилегендей, Кремлдин шарттары Орусиянын мурда Украина, АКШ жана НАТОго койгон талаптарына окшош. Орусия Украина менен анын талаптары аткарылганга чейин сүйлөшүүлөрдү баштоого даярбы же жокпу азырынча белгисиз экендигин басылма белгилеген.

Ал эми Орусиянын Вашингтондогу элчилиги жана Ак үй журналисттердин комментарий берүү өтүнүчүнө жооп берген жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан