Орусиянын Коргоо министрлиги Курск аймагындагы Суджа бошотулганын билдирди

Бүгүн, 13-мартта Орусиянын Коргоо министрлиги Түндүк аскерлер бөлүгү Курск облусундагы Суджа шаарын, Меловой айылын жана Подол конушун Орусиянын көзөмөлүнө кайтарганын билдирди. Бул туурасында орус басылмалары жазышты.

Күн мурун орусиялык маалымат каражаттары Суджа шаарында орусиялык аскер жүргөндүгү боюнча видеотасмаларды жарыялашкан. Бирок бул тууралуу расмий жарыялашкан эмес.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский шаршемби күнү Украинанын Курск аймагындагы коргонууну ылайыктуу жана зарыл болгонго чейин кармай турганын билдирген.

Бир күн мурун Орусиянын президенти Владимир Путин Курск облусуна Украина Куралдуу күчтөрүнүн аймакка басып киргенден бери биринчи жолу барды. Орус президенти аскерлер менен жолугушкандыгы маалыматта кошумчаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан