УЕФА "Реал" - "Атлетико Мадрид" оюнундагы пенальти боюнча билдирүү жасады

УЕФА уюму Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын жооптук оюнундагы "Атлетико" менен "Реал Мадрид" клубдарынын ортосундагы пенальтилер сериясындагы голду жокко чыгарган билдирүү таратты. Маалымат аталган уюмдун расмий сайтына жарыяланды.

Белгилей кетсек, кечээ, 13-мартка караган түнү Мадрид шаарында өткөн бул оюн тең чыгуу менен аяктап, пенальтилер сериясында "Атлетиконун" чабуулчусу Хулиан Альварес пенальти тебүүдө топко эки буту менен тең тийип алып, анын голу жокко чыгарылган.

Пенальтиден ийгиликсиз болгон "Атлетико" турнирден четтесе, "Реал Мадрид" Чемпиондор Лигасынын 1/4 финалына чыкты.

Мындан улам "Атлетико Мадрид" кечээ бул кырдаал боюнча УЕФА менен байланышты.

"Топко тийүү минималдуу болгонуна карабастан, видеодо көрүнүп тургандай, оюнчу экинчи буту менен дагы топко тийген. Учурдагы 14.1 эрежесине ылайык, VAR калыстарга голду четке кагуу керектигин эскертиши керек болчу.

"УЕФА уюму ФИФА жана IFAB менен эки жолу тийүү кокусунан болгон учурларда эрежени кайра карап чыгуу керекпи же жокпу деген маселени талкуулайт", - деп айтылат расмий билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан