Футбол боюнча Өзбекстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Темур Кападзе 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугуна тандоонун үчүнчү турдук оюндарынын алкагындагы Кыргызстан менен Иран курама командаларына каршы боло турган беттештерге карата команданын курамын жарыялады.
Өзбекстан март айындагы оюндарга даярдыгын 17-мартта Ташкентте баштайт. Алгач алар 20-мартта өз үйүндө "Ак шумкарларды" кабыл алса, 25-мартта конокто Иран менен ойнойт.
Темур Кападзе улуттук курамага 25 футболчуну чакырган. Алар:
Дарбазачылар: Өткүр Юсупов, Абдувохид Нематов, Ботирали Эргашев.
Коргоочулар: Умар Эшмуродов, Рустам Ашурматов, Хусниддин Аликулов, Абдукодир Хусанов, Фаррух Сайфиев, Хожиакбар Алижонов, Шерзод Насруллаев, Дилшод Комилов, Иброхимхалил Юлдошев, Зафармурод Абдирахматов.
Жарым коргоочулар: Отабек Шукуров, Абдулла Абдуллаев, Одилжон Хамробеков, Акмал Мозговой, Жамшид Искандеров, Абдурауф Буриев, Жалалиддин Машарипов, Аббосбек Файзуллаев, Остон Урунов, Руслан Жиянов.
Чабуулчулар: Элдор Шомуродов, Бобир Абдихоликов.