Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек ара келишимине кол коюлгандан кийин билдирүү жасады

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек ара келишимине кол коюлгандан кийин билдирүү жасады. Бул тууралуу өлкө башчынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Айта кетсек, кечээ, 13-мартта Бишкекте президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууга кол коюшкан.

Президент 19-мартта Жогорку Кеңеште УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара боюнча толук маалымат берерин билдирген.

"Кыргыз-тажик ортосундагы 1924-жылдан бери чечилбей келе жаткан чек ара маселеси чечилип, түбөлүккө чекит коюлду. Эки тарапка эле эмес, бүтүндөй Борбор Азия үчүн жакшы иш болду. Себеби бул Борбор Азия өлкөлөрүнүн баары бири-бири менен чек ара маселесин чечип бүттү деген сөз. Мындан ары Борбор Азияда түбөлүк тынчтык орноду.

Эми Борбор Азия мамлекеттеринин арасында бири-бирине визасыз, ал эми башка мамлекеттерден келген коноктор үчүн бир эле мамлекетке келген виза менен (Шенген визасы сыяктуу) Борбор Азия өлкөлөрүнүн баарында жүрө берүү процессин башташыбыз керек.

Бүгүнкү кол коюлган келишимди 19-март күнү Камчыбек Кыдыршаевич ратификациядан өткөрүү үчүн Жогорку Кеңешке алып барат. Ратификацияга жеткенге чейин кол коюлган келишимдеги көп учурларды айтпай келдик. Себеби келишимге кол коюла электе бузуп албайлы дедик. 19-мартта Жогорку Кеңеште Камчыбек Кыдыршаевич ар бир квадрат метр жер боюнча ийне-жибине чейин ачык-айкын маалымат берет.

Журналисттер, коомдук активисттер, демагог, популист, “эл көрсүн, эмки шайлоого добуш топтой салайын” дегендер сөзсүз катышкыла, ачык сурооңорду бергиле. Ачык жана так жооп аласыңар. Мейли ким болбойлу, кайсыл маселеде болбойлу, эки мамлекеттин ортосунда оор жана тарыхий маселе чечилип жатканда жеке кызыкчылыктын “жаназасын” окуп коюшубуз керек.

Бизде тескерисинче болуп калган. 30 жылдан бери ким катуу кыйкырса, же эл көрсүн деп иш жасаса, ошол популярдуу болуп келген. Андай жасалма сөздөр, жасалма иштер убактылуу гана популярдуулукка жеткирип, кийин уят болуп калган далай саясатчылар болду. Эл дагы андайларды жакшы түшүнүп калды.

Мейли депутатсыңбы, көчөдөгү саясатчысыңбы мамлекет үчүн, эл үчүн кандай гана орчундуу маселе каралбасын элге көрүнө калайын деп чыга калып кыйкырбаш керек. Тең салмактап сүйлөшүбүз зарыл.

Мамлекет “эмне болсо ошол болсун мен сүйлөп коюп элге көрүнүп калайын, упай топтойун, эмдиги жылы шайлоодо добуш алайын” деген түшүнүктөн ар бир саясатчы же активист дейбизби алыс болуш керек. Саясатчынын сүйлөп койгон сөзү жакшы кетип жаткан иштерге залакасы тийип токтоп каларын 30 жылдан бери көрүп келдик го. Канчалаган пайдалуу иштер токтоп калган же артка кеткенин көрдүк.

Биз да депутат, саясатчы жана министр болгонбуз. Эч качан эл көрсүн деп курулай кыйкырык жасачу эмеспиз. Кандай гана маселе болбосун ийне-жибине чейин дыкат изилдеп, талдап, “менин сөзүмдөн мамлекетке же элге зыян тийип калбайбы” деп “жети өлчөп, бир кесип”, анан маселени алып чыкчубуз. Бүгүнкү чек ара маселесин дагы 4 жылдан бери жети эмес, жетимиш өлчөп, анан бир кестик.

Албетте, биздин жарандарыбыздын алмашылган айылдарын таштап чыгып кетиши кыйын болуп жатат. “Киндик каныбыз тамган жер, ата-бабаларыбыздын сөөгү жаткан жер” деп арман кылышууда. Тажикстандын биз тарапка өткөн айылдарынын жашоочулары деле дал ушул сөздү айтышууда. Эки тарапка тең кыйын.

Бирок эки мамлекеттин ортосундагы чек ара маселеси чечилип жатканда бир айылдын кызыкчылыгы өтпөйт. Жалпы мамлекеттин кызыкчылыгы биринчи орунда турат.

Биздин ата-бабаларыбыздын сөөгү кайда гана калган эмес. Бул жагы Алтай, Энесай, Кызыл-Жарда, тигил жагы Кулжа, Үрүмчү, Бээжинге чейин жатат.

Достук айылынан тышкары, чек ара тилкесинде шахматтын тактасындай жайгашып калган бирин-серин үйлөр да алмашылды. Себеби чек аранын зым тору тартылганда түз тартылышы керек. Антпесе келечекте эки тараптын тең чек арачыларына чек араны көзөмөлдөө кыйынга турат.

30 жылдан бери эки тараптан дал ушул чек ара жаңжалынан миңдеген жарандар окко учту.

Мамлекет үйлөрү алмашылган жарандарыбыздын баарын көңүл сыртында калтырбайбыз. Азыркы үй-жайларынан алда канча жакшы шарттары менен, жаңы, заманбап үйлөрдү салып беребиз" деп жазды өлкө башчысы.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан