Майыптыгы бар балдардын ата-энелерине акысыз юридикалык жардам көрсөтүү мыйзамы колдоо тапты   

Кечээ, 13-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоорун Айсулуу Мамашова баштаган 19 депутат демилгелеп, иштеп чыккан. Документте ден соолугунан майыптыгы бар балдардын ата-энелерин же камкорчуларын кирешесинин деңгээлине карабастан акысыз квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүлө турган жарандык иштердин категорияларына киргизүү кеңейтүү сунушталууда.

Мамашова ата-энеси ажырашкан учурда майыптыгы бар балдар апасы менен калып, аталары андай балдарды көбүнчө таштап кетерин белгиледи. Мындан улам ата-энеси ажырашып жатканда, ата-энелик укуктан ажыратуу, алимент өндүрүү, баланын жашай турган жерин аныктоо жана башка укуктук маселелер талап кылынган жерлерде сотто балдардын кызыкчылыгын коргогон адвокат акысыз берилиши керектигин билдирди. Эл өкүлү майыптыгы бар баласын карабай кеткен атасынан алимент өндүрүү үчүн адвокат керектигин, жактоочунун кызматы азыр кеминде 30 миң сом турарын кошумчалады.

Талкуу маалында депутат Марлен Маматалиев жетим балдарды да бул тизмеге кошууну сунуштады. Ага эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова жетим балдар бул тизмеде бар экенин, болгону "Жашоонун оор кырдаалына кабылган балдар" категориясында жазылганын айтты.

Эл өкүлү Кубанычбек Самаков Орусиядагы эмгек мигранттарына акысыз юридикалык жардам көрсөтүү керектигин белгилеп, мекендештерге жеринде юридикалык жардам көрсөтө турган борборлорду ачууну сунуштады. Ага юстиция министринин орун басары Бактияр Орозов адвокаттар мигранттарга жеринде юридикалык консультация берүүсүнө ал өлкөнүн мыйзамы жол бербестигин, бирок аралыктан бере аларын белгилеп, андыктан кайрылса болорун айтты.

Ал эми Камила Талиева мамлекеттик адвокаттардын санын тактап, алар калктын санына жараша болушу керектигин кошумчалады. Орозов учурда мамлекеттик адвокаттардын саны 464 экенин маалымдады.

Жогорку Кеңеш 13.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан