Ким Чен Ындын жашыруун жеринин спутниктен тартылган сүрөтү тарады

Түндүк Кореянын диктатору Ким Чен Ын жашыруун бункер курганы айтылды. Аталган жердин сүрөттөрү спутник аркылуу тартылган.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, спутниктен алынган сүрөттөрдө Ким Чен Ын жаңы ракета учуруучу жерди гольф аянтчасы менен жашырып койгон.

Адистердин айтымында, аталган жер бир караганда гольф аянтчасын элестетет, бирок жакшылап карап чыкса, ал жер атайын жашыруун ракета учуруучу жана ракеталарын жашыруу үчүн колдонулуп жатканынын көрсө болот.

Аталган жер атайын бетон негиздерине курулуп, андан кийин үстүн жука топурак катмары менен жабылганы айтылууда.

Ал эми ядролук куралдарды жайылтпоону изилдөө борборунун эксперттери фундаменти бетондон турган тегиз аймактар ​​алыс аралыкка учуучу ракеталарды учуруу үчүн идеалдуу аянтча экенин билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан