Ноокат районунда дайынсыз болуп жаткан кыз Таластан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 17 жаштагы кыз 4-март күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Андыктан издөө иштери башталган. Ал арада кыз 8-март күнү Талас шаарындагы видеокөзөмөлдөрдүн бирине түшүп калган. Мындан улам Ноокат РИИБинин жана Талас ОИИБинин кызматкерлери облус аймагында издөө иштерин күчөткөн.
"Күн-түн дебестен жүргүзүлгөн издөө иштеринин жана кайдыгер эмес жарандардын маалыматтарынын натыйжасында дайынсыз болуп жаткан кыз 13-мартта Бакай-Ата районунан табылып, жакындарына өткөрүлүп берилди. Өз кезегинде кызы табылганынан сүйүнгөн атасы милиция кызматкерлерине кызматкерлерине жана кайдыгер эмес жарандарга ыраазычылыгын билдирди", -деп айтылат маалыматта.