"Адамдар эвакуацияланды". АКШда жүргүнчү ташыган учактан өрт чыкты

АКШнын Колорадо штатындагы эл аралык "Денвер" аэропортунда "American Airlines" авиакомпаниясына таандык жүргүнчү ташыган учактан өрт чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка ылайык, кырсык жергиликтүү убакыт менен 13-мартта 18:00 чамасында болгон. Анда аталган учак "Колорадо-Спрингс" аэропортунан "Даллас" эл аралык аэропортуна бара жаткан, бирок "Денверге" чукул конууга аргасыз болгон. Ал эми жүргүнчүлөр учактын канаты аркылуу эвакуацияланганы айтылды.

Учурда акыркы маалыматтарга караганда, олуттуу жабыркагандар жок. Учакта 172 жүргүнчү жана алты экипаж мүчөсү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан