Чүйдө адам өлтүрүүгө шектелип 2 дос кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-февралда милицияга 50 жаштагы аял арыз менен кайрылып, былтыр 2-ноябрда Чүй айылында бирге жашаган 48 жаштагы киши үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгонун айткан. 12-мартта Токмок–Кегети унаа жолунун чыгыш тарабында анын жансыз денеси табылган жана киши колдуу болгону аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 29 жана 28 жаштагы жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөөдө былтыр ноябрь айында маркумдун үйүнө анын 29 жаштагы өгөй уулу досу менен бирге барганы, ортодо чыр чыгып, шектүүлөр аны сабаганы белгилүү болгон. Андар ары алар 48 жаштагы кишинин буту-колун байлап, унаанын багажына салып алып Кегети капчыгайына алып барышкан, ал жерден денесине бир нече жолу бычак менен жаракат келтиришкен. Достор кайра кайтып келе жатып каза болгон маркумдун сөөгүн жолдон ыргытып жиберишкен.
Учурда бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.