Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Баткен районунун Достук айылынын тургундары үчүн турак жай комплексинин курулушуна старт берди. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Баткен облустук администрациясынан билдирди.
Маалымдалгандай, чек арадагы эл үчүн Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылындагы Чет-Булак тилкесинен ар бир турак жай үчүн 10 сотыхтан жер ажыратылып, жалпы 179 үй курулат. Ар бир үй үч бөлмөлүү болуп, жашоо үчүн бардык шарты түзүлөт. Курулушту күз айларына чейин бүткөрүү пландалууда.
Тургундар менен жолугушууда Туманбаев мамлекеттин чек арасын тактоого жергиликтүү элдин салымы чоң экенин белгиледи.
“Айрым тилкелер алмашуу жолу менен чечилди. Бул оңой чечим болгон жок, ар бир метр жер үчүн дыкат сүйлөшүүлөр жүрдү. Мамлекеттин кызыкчылыгы, чек арада жашаган элибиздин коопсуздугу биринчи орунда турду. Сиздер бул чечимди туура кабыл алып, мамлекеттин бүтүндүгүн сактоого салым кошконуңуздар үчүн ыраазычылык билдирем”, - деди ал.