Бүгүн, 14-мартта Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынан учуп келген Somon Air учагы "Манас" эл аралык аэпортуна ийгиликтүү конду. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Айта кетсек, 12-13-мартта Бишкекке Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон мамлекеттик сапар менен келип кетти. Анын алкагында президент Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууга кол коюшкан.
Мындан тышкары эки өлкө ортосундагы кызматташтык боюнча бир нече документтерге кол коюлган. Анын ичинде Бишкек менен Дүйшөмбү шаарынын ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү жөнүндө макулдашуу бар болчу.