Япониялык 108 жаштагы Шицуи Хакоиси Гиннестин рекорддор китеби боюнча дүйнөдөгү эң кары чач тарач деп табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, 108 жаштагы рекордсмен 14 жашынан бери чач тарач болуп эмгектенип келет. Гиннес китебинин басма сөз кызматы билдиргендей, Шицуи Хакоисинин экинчи дүйнөлүк согушта колдонгон кайчылары дагы деле бар.
"Шицуи 14 жашында чачтарач болууну чечип, шаарга жалгыз келе берген. Ал 1934-жылы 18 жашында өзү эмгектенген салондо атактуу чач тарач болууга жетишкен", - деп жазылат маалыматта.
Шицуи Хакоиси 1916-жылы 10-ноябрда төрөлүп, 24 жашында жолдошу менен таанышып, турмушка чыккан. Бирок күйөөсү экинчи дүйнөлүк согуш учурунда каза болуп калган. Аял өзү эки баласы менен кичи мекени Тотигиге көчүп кетип, ал жерде 1953-жылы согуш аяктагандан кийин салон ачып иштетип баштаган. Учурда дагы деле ошол салондо эмгектенип келет.