Президенттин администрациясында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен "Сбербанк" АК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Ольга Голодецтин жолугушуусу болду.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, тараптар саламаттыкты сактоо, билим берүү жана санариптик долбоорлор боюнча кызматташууну талкуулашты. Өзгөчө көңүл алдыңкы медициналык технологияларды, анын ичинде бейтаптарды аралыктан көзөмөлдөөнү, GigaChat интеллектуалдык фельдшерин жана GigaDoc диагностикалык системасын киргизүүгө бурулду.
Билим берүү тармагында алдыда Бишкек шаарында инновациялык "21-мектептин" ачылышы жана окуу процессине санариптик жардамчыларды киргизүү маселелери макулдашылды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууга жана Кыргызстанда санариптик чечимдерди өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдиришти.