МИК сервистери MegaPay’де: ипотеканы бир заматта тариздөө – тез жана ыңгайлуу!

MegaPay мобилдик колдонмосунда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) бардык негизги сервистери жеткиликтүү, бул уюм менен өз ара аракеттенүү процессин кыйла жеӊилдетет жана убакытты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Колдонмонун жаңыланган версиясында төмөнкү функциялар ишке ашырылды:

1. Катталуу жана МИКке өтүнмө берүү. Колдонуучулар кеӊселерге баруунун зарылдыгы жок эле, түздөн-түз мобилдик түзмөгү аркылуу ипотеканы тариздөөгө өтүнмө жөнөтө алышат.

2. МИКке өтүнмөгө төлөө. Эми өтүнмөнү кароо үчүн төлөмдү бир заматта жүргүзө аласыз, бул процессти тез жана ыңгайлуу кылат.

3. Жубайынын/жолдошунун жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугу. Бул опция жеке маалыматтарды колдонууга тез арада макулдук алууга мүмкүндүк берет, бул өтүнмө берүүдөгү маанилүү этап болуп саналат.

МИК сервистерин MegaPay’де интеграциялоо уюм менен өз ара аракеттенүүнү кыйла жеӊилдетип, колдонуучулардын убактысын үнөмдөйт. Мурда бир нече саатка созулган процесстер азыр бир нече мүнөттө аткарылат.

MegaPay Tunduk сервистерин, булуттуу электрондук кол тамганы аралыктан алууну, КТБга кезекке онлайн жазылууну, ОСАГО, административдик айыптарды текшерүү жана башкаларды кошо алганда, 1000ден ашык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жетки алууну сунуштоо менен өзүнүн функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү улантууда,

Көрсөтүлгөн кызматтардын көбү үчүн комиссиянын жоктугу MegaPay’ди мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууда ыңгайлуулукка жана натыйжалуулукка умтулган жарандар үчүн жагымдуу курал кылат.

MegaPay - мамлекеттик кызматтарды 24/7 алууда сиздин ишенимдүү өнөктөшүңүз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан