Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан 2,3 гектар жер тилкеси бар "Бар-Булак" пансионаты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, 2005-жылы Ак-Терек айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан Социалдык фонддун Тоң бөлүмүнө болгон карызын төлөө үчүн Ак-Терек айыл өкмөтүнө караштуу эмес "Бар-Булак" пансионаты мыйзамсыз берилгендиги аныкталган.
Ага карабастан 2006-жылдын 20-декабрында сатып алуу-сатуу келишиминин негизинде Б.Ж. аттуу жаран бул пансионатты Соцфонддун Тоң райондук бөлүмүнөн 2 миллион 542 миң сомго сатып алат. Бул бүтүм мамлекеттик каттоодон өтүп, Б.Ж. жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт алган.
Бирок 2007-жылы Ысык-Көл облусунун райондор аралык сотунун чечими менен Ак-Терек айыл өкмөтү менен Соцфонддун Тоң райондук бөлүмүнүн ортосундагы бүтүм жараксыз деп табылган. Буга байланыштуу Б.Ж.га акчасы кайтарылып берилген, бирок жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт тиешелүү түрдө жокко чыгарылган эмес.
Ошентип Б.Ж. 2006-жылдан тарта бул пансионатты мыйзамсыз пайдаланган жана бул мүлктү легалдаштыруу максатында документтерди жасалмалап, 2016-жылы кредит алган жана пансионатты "Айыл Банк" ААКсына салган.
Мындан улам Б.Ж. документтерди жасалмалоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу боюнча шектелип, тергөө органдары тарабынан кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө Б.Ж. күнөөсүн моюнуна алып, "Бар-Булак" пансионатын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин балансына өткөрүп берди.
Учурда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча адистер тарабынан баалоо экспертизасы жүргүзүлүүдө. Тергөө уланууда.