Путин Трампка ыраазычылык билдирди

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын лидери Дональд Трампка Украинадагы кырдаалды жөнгө салууга чоң көңүл бурганы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал бул тууралуу Беларустун президенти Александр Лукашенко менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйынында айтканын орус басылмалары жазышты.

Ошондой эле Путин Кытайдын, Бразилиянын мамлекет башчыларына жана Индиянын премьер-министрине да ыраазычылыгын билдирген. Ал аталган лидерлер орус-украин жаңжалын чечүүдө тынымсыз чараларды көрүп келе жатат деп белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан